Бишкекте Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Айт намазынын программасы: 06:30–07:00 — Куран окуу жана баяндамалар; 07:00–07:25 — куттуктоо жана Курман айттын артыкчылыктары; 07:25–07:30 — айт намазын окуунун тартиби; 07:30 — айт намазын окуу жана дуба кылуу.

Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет. Ал эми 26-май — арапа күнү.

Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп саналат.